03.05.2019 11:52

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун үй-мүлкү  конфискацияланбайт

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун үй-мүлкү  конфискацияланбайт

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун үй-мүлкү конфискацияланбайт. Бүгүн, 3-майда Жогорку Сот жаңы кылмыш жана кылмыш-процессуалдык кодекстер күчүнө киргенине байланыштуу ишти кайра карап чыкты. 

Анын жыйынтыгында,  Жогорку Сот Текебаев менен Чотоновдун 8 жыл абакта отуруу чечимин өзгөртүүсүз калтырып, үй-мүлкүн конфискациялоо боюнча өкүмдү жокко чыгарды.

Эскерте кетсек, 2017-жылы Бишкектин Биринчи Май райондук соту «Ата Мекен» партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин экс-спикери Өмүрбек Текебаев менен анын партиялашы, КР Түштүк Кореядагы мурунку элчиси Дүйшөнкул Чотоновду мүлкүн конфискация кылуу менен 8 жылга эркинен ажыраткан.  Текебаевге 5 жыл мамлекеттик кызматтарды аркалоого тыюу салынган. Шаардык жана Жогорку Сот чечимди күчүндө калтырган.  

Жактоочулар ишти кайра карап чыгуу өтүнүчү менен арыз беришкен, бирок Башкы прокуратура ага негиз жок деп эсептеген. 25-декабрда экс-президент Роза Отунбаева Текебаевге ырайым берүү өтүнүчү менен президентке кат жолдогон. Бирок президент алдындагы ырайым берүүчү комиссия аны караган эмес.